SplitEase'те кантип топ түзөм?
Топто сиз бир эле адамдар менен бөлүшкөн чыгымдар сакталат, мисалы, батирлеш же сапардагы достор менен. SplitEase'теги ар бир чыгым кайсы бир топко таандык.
Кадамдар
- Башкы (Home) өтмөгүндө топторуңуздун жанындагы + Жаңы (+ New) баскычын басыңыз.
- Топко эмодзи тандоо үчүн белгини басып, андан соң атын жазыңыз.
- Валюта (Currency) бөлүмүндө чыгымдардын көбү кайсы валютада болсо, ошону тандаңыз.
- SplitEase'ти колдонгон досторду кошуу үчүн Байланыштардан же номер аркылуу кошуу (Add from contacts or by phone) басыңыз. Бул кадамды өткөрүп, адамдарды кийин чакырсаңыз да болот.
- Түзүү (Create) басыңыз.
Акысыз планда 3 топко чейин түзүүгө болот. SplitEase+ бул чектөөнү алып салат.
SplitEase колдонмосу азырынча кыргыз тилинде жок. Кашаадагы баскыч аттары экранда көрө турган аттар.