Чыгым кошуу үчүн чекти кантип скандайм?
Чек скандоо жалпы сумманы жана маалыматтарды чектен окуйт, ошондуктан аларды кол менен жазуунун кереги жок. Бул SplitEase+ мүмкүнчүлүгү.
Кадамдар
- + баскычын, андан соң Скан (Scan) басыңыз.
- Чекти толугу менен сүрөткө тартыңыз же колуңуздагы файлды колдонуу үчүн Галерея (Library) же PDF тандаңыз.
- SplitEase тапкан маалыматтарды текшерип, Колдонуу (Use) басыңыз.
- Ким төлөгөнүн жана кантип бөлүнгөнүн карап чыгып, Сактоо (Save) басыңыз.
Окуу үчүн сүрөт SplitEase'ке жүктөлөт. Аны кантип иштетээрибиз Купуялык саясатыбызда жазылган.
Скандоодо каталар кетиши мүмкүн. Сактоодон мурун сумманы дайыма текшериңиз.
SplitEase колдонмосу азырынча кыргыз тилинде жок. Кашаадагы баскыч аттары экранда көрө турган аттар.