Бирөө менен кантип эсептешем?

SplitEase ким кимге канча карыз экенин эсептейт, бирок төлөмдөрдү жүргүзбөйт. Адамга кадимкидей төлөп, андан соң эки тараптын балансы жаңылануусу үчүн аны колдонмого жазыңыз.

Кадамдар

  1. Топту ачып, Эсептешүү (Settle up) басыңыз.
  2. Эгер сиз бирөөгө төлөсөңүз, анын атынын жанындагы Төлөмдү жазуу (Record payment) басып, сумманы текшерип, ырастаңыз. Карызыңыздын бир бөлүгүн да жазсаңыз болот.
  3. Эгер сизге төлөшсө, ошол адамдын атынын жанындагы Алынды деп белгилөө (Mark as received) басып, ырастаңыз.

Мурунку төлөмдөрдү көрүү үчүн ошол эле экранда Тарых (History) басыңыз.

SplitEase колдонмосу азырынча кыргыз тилинде жок. Кашаадагы баскыч аттары экранда көрө турган аттар.

Окшош суроолор

Дагы эле жардам керекпи?

Бизге жазыңыз, SplitEase командасынан бир адам сизге жооп берет.

Колдоо кызматына жазуу
Тил: Кыргызча