Топтон кантип чыгам же топту кантип өчүрөм?

Топтун бардык параметрлери Топтун жөндөөлөрү (Group settings) ичинде. Топту ачып, жогору жактагы топтун атын же ⋯ баскычын басыңыз.

Кадамдар

  1. Чыгуу үчүн Топтон чыгуу (Leave group) басып, ырастаңыз. Эгер жалгыз администратор болсоңуз, адегенде Админдикти өткөрүү (Transfer Admin) басып, ордуңузга кимди коёрун тандаңыз.
  2. Бирөөнү чыгаруу үчүн (администраторлор гана) анын атын басып, Топтон чыгаруу (Remove from Group) тандаңыз. Анын топтогу балансы нөл болушу керек.
  3. Топту баары үчүн өчүрүү үчүн (администраторлор гана) Топту өчүрүү (Delete group) басып, ырастаңыз.

Топ өчүрүлгөндө анын бардык чыгымдары ар бир мүчө үчүн өчөт жана муну кайтаруу мүмкүн эмес. Адегенде эсептешип алыңыз.

SplitEase колдонмосу азырынча кыргыз тилинде жок. Кашаадагы баскыч аттары экранда көрө турган аттар.

Окшош суроолор

Дагы эле жардам керекпи?

Бизге жазыңыз, SplitEase командасынан бир адам сизге жооп берет.

Колдоо кызматына жазуу
Тил: Кыргызча